Марал Радиосу

Мариповдун орун басары Бишкекке мэр болду

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду. Ал жаңы мэр шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткарат.

Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов бүгүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган.