Марал Радиосу

Июлда медиктерге кенемте төлөөнүн жалпы суммасы 255,2 млн сомду түздү

Июль айында кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине жалпы суммасы 255 млн 234 миң 855 сомдук кенемте төлөөндү. Бул тууралуу брифинг учурунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Өскөмбаева билдиргендей, июлда медициналык жардам көрсөтүүгө 15 миң 606 медициналык кызматкер тартылган, анын ичинде 3 миң 341 дарыгер, 6 миң 436 медайым, 2 миң 211 санитарка жана 3 миң 618 башка кызматкерлер.

Өскөмбаеванын маалыматына караганда, медицина кызматкерлерине кенемте төлөмүнүн жалпы суммасы 255 234 855 сомду түздү, анын ичинде:

Бул каражаттар саламаттык сактоо уюмдарына ушул жуманын аягына чейин которулат.