Марал Радиосу

Түркияда автобус жол кырсыгына учурап, 33 адам жабыркады

Түркиянын Ушак провинциясында жүргүнчү ташыган автобус жол кырсыгына учурап, 33 адам жабыркады.

Автобус Агрыдан Измирге бара жаткан. Алдын ала маалымат боюнча, «Анкара — Ушак» жолунда бара жатып, айдоочу кайрылыш жерден рулду башкара албай калган.

Автобустагы 32 жүргүнчү менен кошо айдоочу жергиликтүү ооруканага жеткирилген.