Бишкекте Семён Чуйков атындагы «Эмен багы» галереясында жаш сүрөтчү Арууке Сыдыгалы кызынын «Кыргыз жерим» аталышындагы көргөзмөсү өтүүдө.
Көргөзмө бүгүн, 10-августта ачылды. Ал 31-августка чейин болот.
Көргөзмөдө сүрөтчүнүн пейзаж, натюрморт жанрындагы чыгармалары коюлган.
«Кыргыз жерим» көргөзмөсүн уюштурууга «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду колдоо көрсөткөн.