Марал Радиосу

Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт

Жалал-Абадда 20-августта республикалык «Алтын өрөөн» кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Фестиваль эгемендиктин 30 жылдыгына карата өкүлчүлүк тарабынан уюштурулууда. Ал облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрында өтөт.

Бул саамалыкка өлкөнүн бардык аймактарынан келген уз-чеберлер катышат.

Иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен анын калк арасында кеңири жайылтуу болуп саналат.

Фестиваль улуттук кийимдердин көргөзмөсү, концерттик программа менен коштолот.