Марал Радиосу

Милиция: «ЦУМда аял киши балдарды туткунга алды» деген маалымат туура эмес

«Айчүрөк» соода борборунда (ЦУМ) аял киши балдарды туткунга алды деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу «Маралга» Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, саат 16:15терде милицияга аталган соода борбордо колунда баштыгы бар хижабчан шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

«Маалымат түшкөндөн кийин ал жакка ыкчам-тергөө тобу чыгып кетти. Кийинчерээк толугураак маалымат берилет», — деди милиция.

Учурда милиция кызматкерлери «Айчүрөк» соода борборунун ичиндеги жарандарды сыртка чыгарып, имаратты курчоого алган.

Окуя болгон жерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери да иштеп жатат.