Марал Радиосу

Казакстандагы элчи президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектейт

Жээнбек Кулубаев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин аталган кызматта Казакстанга элчи болуп кеткен Дастан Дюшекеев иштеп келген.

Жаңы кызматка дайындалганга чейин Жээнбек Кулубаев Казакстанда элчи болуп турган. Ал бул ишине 2018-жылдын 10-октябрында дайындалган.

Exit mobile version