Дастан Дюшекеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Дюшекеев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.