Марал Радиосу

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редакторуна иш козголду

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Сартбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча иш козголгон.

Иштин козголушуна анын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайылданган Таалайбек Сарыбашовдун мэриядагы чогулуш учурунда тартылган сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына чыгарып, ага жазган комментарийи негиз болгон.

Учурда анын жазгандары боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.

Exit mobile version