«Туран» партиясынын лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматовду Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которушту. Бул тууралуу партиялаштары билдирди.
Акыйкатчы аппараты 5-августта камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык акциясын токтотконун жарыялаган.
Андан мурда Молдокматов Улуттук кардиология жана терапия борборунда текшерүүдөн өткөн. Анда дарыгерлер анын жүрөгү ооруй турганын, ден соолугу начарлап кеткенин, дайым көзөмөлдө болуусу керектигин айтышкан. Мындан улам Акыйкатчынын аппарат кызматкерлеринин жана партиялаштарынын өтүнүчү менен Молдокматов ачкачылык акциясын токтоткон.
Ал эми саясатчынын тарапташтары жүрөгүн текшерип турган аппарат коюлганы менен толук анализден өтө электе тергөө абагына которуп жиберишкенине нааразы болушуп, Молдокматовду стационардык ооруканага жаткырууну талап кылышууда.