Токиодогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев (65 кг) көңул жубатуучу беттешке чыкпай калды.
1/8 финалда аны жеңген индиялык Пуния Бажранг финалга өтө албагандыктан, кыргызстандык балбан көңүл жубатуучу беттеште күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Пуния Бажранг жарым финалда азербайжандык Гажи Алиевге 5:12 эсебинде утулду.
Белгилей кетсек, көңүл жубатуучу беттеште уткан балбан коло үчүн күрөшкө чыгат.
Токио-2020: Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыга алган жок