Марал Радиосу

Күзүндө Кыргызстанга Sinopharm жана Pfizer вакциналары келет

Күзүндө Кыргызстанга Sinopharm жана Pfizer вакциналары келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Кыргызстан вакциналарды COVAX программасынын алкагында алат. Алгач сентябрь айынын аягында өлкөгө Sinopharm вакцинасы, андан кийин күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет.

Андан тышкары, 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук жардамы менен Moderna вакцинасы келиши ыктымал.

Exit mobile version