Марал Радиосу

«Кыргызкөмүр» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Директорлук кызматка Марат Турдубаев келген.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги кенден казып алынган көмүрдү сатууда коррупциялык схема түзгөнүн аныктаганын жана бул иш боюнча 3-августта ишкананын директору Канатбек Ашырбаев кармалганын билдирген.

УКМК «Кыргызкөмүр» ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди кармады