Марал Радиосу

Жалал-Абад: Жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кара-Көл шаарында болгон жол кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында (Кара-Көл шаарында) Mercedes Benz Sprinter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза таап, 2 аял жабыркаган.

Жерине ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн беш куткаруучусу барып, каза болгон жаранды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган аялдарды куткаруучулар барганга чейин эле жергиликтүү тургундар шаардык ооруканага жеткиришкен.