Марал Радиосу

Жыл аягына чейин пенсия көтөрүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 5-августта Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды.

Кеңешменин жүрүшүндө Социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралды.

Социалдык фонддун төрагасы үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны белгилөө процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.