Марал Радиосу

Токио-2020: Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыга алган жок

Токиодогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев (65 кг) 1/8 финалдагы биринчи кармашында атаандашына жеңилип калды.

Бүгүн, 6-августта ал индиялык балбан Пуния Бажранг менен күч сынашып, кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө индиялык балбан 1:3 эсебинде алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Эрназар Акматалиев эки жолу бир упайдан алып, эсепти 3:3 кылды. Бирок Пуния Бажрангдын акыркы алган упайы 2 баллдык болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.

Азырынча кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырай элек. Эгер аны жеңген индиялык спортчу финалга өтө алса, Эрназар Акматалиев көңүл жубатуучу беттешке чыгат.