Марал Радиосу

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы тарых жаратуучу деп атады

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш уткан кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы (62 кг) тарых жаратуучу деп атады.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш байге алган биринчи спортчу болуп калды.

Тыныбекова – Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.

Exit mobile version