Токиодогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча беттеште кыргызстандык балбан Айаал Лазарев (125 кг) чейрек финалга өтпөй калды.
Лазарев 1/8 финалда АКШдан келген балбан Гейбл Стивсон менен күрөшүп, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилүүгө дуушар болду.
Учурда АКШ балбаны түркиялык спортчуну 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү. Гейбл Стивсон финалга чыкса, Айаал Лазаревге көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын спортчулары эки күмүш, бир коло медаль алып, рейтингде 61-орунду ээледи.