Марал Радиосу

COVID-19: Оору 840 адамдан табылып, 9 киши каза болду

Бүгүн, 5-августка карата Кыргызстанда коронавирус 840 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 476, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 131, Ош облусунда — 31, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 54, Жалал-Абад облусунда — 78, Баткен облусунда — 42 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 550 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 306 адам, ал эми амбулатордук түрдө 7 миң 629 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 167 миң 76 учур катталды. Анын ичинен 152 миң 402 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 372 бейтап каза болду.

Exit mobile version