Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш байгесин алды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байгесин алды.

Бугүн, 4-августта финалдык беттеште ал япониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, 3:4 эсебинде жеңилип калды.

Айсулуу Тыныбекованын аты Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында Олимпиада оюндарында күмүш уткан биринчи спортчу болуп калат. Ал – Кыргызстандын куржунуна Олимпиаданын күмүш байгесин алып келген үчүнчү спортчу.

Белгилей кетсек, Тыныбекова Олимпиада оюндарында килем үстүнө 3-августта чыккан. Биринчи беттешинде ал латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшүп, 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инченин далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен. Жарым финалда украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Айсулуу Тыныбекова – дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.