2-августта мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга келди. УКМК Акаевди «Кумтөр» иши боюнча алып келишкенин билдирди. Ошол эле учурда Акаев камакка алынган жок. Акаевдин жана анын тарапташтарынын айтымында, ал камакка алынбайт жана бир нече күндөн кийин кайра Москвага кайтат.
Акаев «Кумтөр» иши боюнча тергөө менен кызматташууда.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. 2005-жылдын февраль айында өткөн парламенттик шайлоодо башталган жана ага чейинки нааразычылыктар чыңалып отуруп, акыры 24-мартта эл көтөрүлүп, Акүйдү басып алышкан. Аскар Акаев бийлигин таштап, Москва шаарына качып кеткен.
Төмөндөгү сүрөттөрдө ошол 24-мартка чейинки, 24-марттагы жана андан кийинки окуялардын хроникасы түшүрүлгөн:
Эскертүү: Сүрөттөр Влад Ушаковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды