Марал Радиосу

Бириккен күрөш дүйнөсү Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуучу деп атады

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кечээ, 3-августта Олимпиада оюндарында коло байге алган кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуучу деп атады.

Уюм Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта Олимпиаданын коло байгесин алып, Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында Олимпиада оюндарынын байгесин уткан биринчи спортчу болуп калганын белгилейт.

Белгилей кетсек, Жуманазарова коло үчүн күрөштө монголиялык балбандын далысын килемге басып, таза жеңиш менен утуп алган.

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгесин утту