Марал Радиосу

Ооганстанда коргоо министринин үйүнө чабуул болуп, 8 жай тургун каза болду

Кечээ, 3-августта Ооганстанда коргоо министринин үйүнө террорчу-жанкечтилер чабуул жасап, 8 жай тургун каза болду.

Шейшемби күнү кечке жуук министр Бисмилла Хан Мохаммади менен ага кошуна турган парламенттин төмөнкү палатасынын депутатынын үйүнө белгисиз адамдар кирип келгени кабарланган.

Кол салуунун айынан 8 жай тургун каза болуп, дагы 20 киши, анын ичинде министрдин жансакчылары жаракат алган.

Чабуул дээрлик 5 саатка созулуп, жыйынтыгында 5 жанкечти өлтүрүлгөн.