Өзбекстан Казакстанга белек катары 5 миң орунга эсептелген мечит салып берүүдө.
Мечит Казакстандын Түркстан шаарынын кире бериш жеринде тургузулууда. Ал келерки жылы бүткөрүлөт.
Түркстан облусунун башчылыгы билдиргендей, мечиттин курулушуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев колдоо көрсөтүүдө.
Мечиттин ички жана тышкы көрүнүшү чыгыш стилинде жасалууда. Анын аянты 20 миң чарчы метрди ээлейт.