4-августка карата 696 адамдын COVID-19 илдетин жугузуп алганы аныкталды. Анын 339у Бишкек шаарынан, 10у Ош шаарынан, 84ү Чүй облусунан, 44ү Ош облусунан, 14ү Талас облусунан, 15и Нарын облусунан, 50сү Ысык-Көл облусунан, 89у Жалал-Абад облусунан, 51и Баткен облусунан катталган.
Ошол эле учурда акыркы суткада 1681 бейтап сакайып, 9 адам оорудан каза тапты.
Учурда стационарларда 3393 бейтап, үй шартында 8270 бейтап дарыланып жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 166 миң 236 адам ооруга чалдыгып, анын ичинен 150 миң 852 бейтап ооруну жеңип чыкса, 2 миң 363 бейтап көз жумган.