Бир күндө Кыргызстанда 18 миң 52 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Эмделгендердин ичинен 16 миң 516 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 536сы эки дозасын тең алды.
Учурда Кыргызстанда вакцинанын эки дозасын тең алгандардын саны 118 миң 284кө жетти. 474 миң 41 киши вакцинанын биринчи дозасы менен эмделген.
Кыргызстанда эмдөө 29-мартта башталган.