Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов мэрияда иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматтан алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Кызматка жаңы киришкен мэрдин буйругу бүгүн, 2-августта чыккан.
Сарыбашовдун уулу Нурсултан Насирбеков мэрияда борбордук аппараттын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.
Белгилей кетсек, Сарыбашов буга чейин Ош шаарын жетектеп келген.