Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөгө келери айтылууда. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү басылмалар жеке булактарына таянып жазды.
Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта келет.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан бери ал мекенине келе элек болчу.
Быйыл 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр» долбоору боюнча мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган.
1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экс-президент Аскар Акаевге, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Б.Бирштейнге коррупция фактысы боюнча сыртынан кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн.
«Кумтөр» иши: Мурдагы президенттер Акаев жана Бакиев жазаланды