Марал Радиосу

Мамкатчы: «Манастын уулу Семетей» тасмасын президент каржылабайт

«Манастын уулу Семетей» тасмасын президент Садыр Жапаров колдоп, каржылап жатыптыр» деген кеп жалган. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Фейсбук» баракчасына билдирүү жасады.

Мамлекеттик катчынын айтымында, тасма тартуучу топ президент менен жолуккан. Садыр Жапаров: «Андай мыкты кино тарта турган болсоңор, мен каршы эмесмин. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коёбуз», — деген. Алар менен кошо кирген адам каржылоо милдетин мойнуна ала турганын маалымдаган. Президенттин фондунан акча бөлүү боюнча сөз болгон эмес.

Чолпонбек Абыкеев жазган постунда тасманын сценарийин окуп чыкканын, бул боюнча продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен да катуу талаш жүргөнүн айтат. Анын пикиринде, сценарий жазууда айрым саясий каталарга жол берилип, «Семетей» эпосунун бир да вариантында айтылбаган эпизоддор да кошулуп кеткен. Ошол эле учурда «Семетей» эпосундагы эң орчундуу делген окуялар кирбей калган.

«Тасмага мамлекет бир тыйын каржы бөлгөн жок. Жеке менчик тараптар аркылуу каржыланып тартылып жаткандыктан: «Тасманы тартууну токтоткула», — деп так кесе айта албайм. Себеби, ага мыйзам жол бербейт. Демократиялык мамлекетте жашайбыз. «Болгону мындан ары: «Президент колдоп жатат, Президент каржылап жатат», — деген сыяктуу жалган маалымат таратканыңарды, Президенттин атын сатканыңарды токтоткула. Этиканы сактагыла. Эгер тилди алсаңар деги эле бул деңгээлде тасманы тартууңарды токтоткула. Тасма начар чыгып калса комиссия түзүп талкуулап туруп, Кыргызстанда прокатка чыгарууга уруксат бербейбиз», — дедим. Бирок тасма тартылып калса, Кыргызстанда биз чыгарбаганыбыз менен башка өлкөлөрдө чыгара берүүгө тарткан тарап укуктуу», — дейт мамлекеттик катчы.

Чолпонбек Абыкеев сөзүнүн соңунда «Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алуу зарыл болуп турганын, бул боюнча юристтерге атайын тапшырма берилгенин билдирди. Эгер мыйзам жазылып, Жогорку Кеңештин жакында келе турган чакырылышы кабыл алып берсе, улуттук баалуулуктар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, мамлекеттен атайын чечим чыкмайынча, ар ким каалагандай пайдалана албай калат.

Exit mobile version