Марал Радиосу

3-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 3-августта тоолуу аймактарда, айрым райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16 … +21, күндүз +30 … +35;

Талас облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21, күндүз +32 … +37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +21 … +26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +24 … +29 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +33 … +35 градус ысык болот.