Марал Радиосу

Тажикстан бажысы: Кыргызстан менен соода жүгүртүү 4 млн долларга азайды

Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода бүгүн, 30-июлда Кыргызстан менен болгон соода жүгүртүү 4 млн долларга азайганын билдирди.

«Учурда ал өлкө аркылуу транзит дээрлик жүргүзүлбөй эле. Кыргызстан аркылуу Орусиядан товар ташыган унаалар келчү. Бүгүнкү күнү биз башка жол таап, жүк ташуучу унаалар Өзбекстан аркылуу келүүдө. Азыркы тапта Кыргызстанда тажик товарларын алып келе жаткан 6 унаа турат. Бирок маселени чечип жатабыз», — дейт ал.

Ошондой эле Ооганстанда кырдаал курчуп жаткандыктан акыркы 2 айда ал өлкө аркылуу келген товарлардын транзити жана соода жүгүртүү азайган. Январь-февраль айларында чек ара аркылуу күнүнө 50гө жакын унаа өтүп турса, учурда 2-3 унаа, кээ бирде такыр өтпөй калууда.

Быйыл жарым жылда Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,9 млрд долларды түзүп, былтыркыга караганда 36%га көбөйгөн.

Белгилей кетсек, май айынын жыйырмаларында Кыргызстандын өкмөтү Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык адам ар кандай жаракат алган. 50 миңден ашык тургун үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону кабарланган.

Exit mobile version