Марал Радиосу

Марипов «Жерүй» алтын кенине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Жерүй» кениндеги «Талас» алтын комбинатынын иши менен таанышты.

Анда Мариповго «Алтын Альянс» компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүшкөн.

Ошондой эле Марипов алтын кендеги калдык сактоочу жайды текшерип, экологиялык коопсуздук маселеси Министрлер кабинети үчүн артыкчылыктуу саналарын жана өзгөчө көзөмөлдө турарын айткан.

«Алтын Альянс» компаниясы кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакталып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1 тонна 86 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2 тонна 300 кг алтын өндүрүү пландалууда.

Exit mobile version