Марал Радиосу

30-июлда «Унаа» ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт

Эртең, 30-июлда «Унаа» ишканасынын Төмөнкү-Ала-Арча айылынын Школьный көчөсү, 7а дарегиндеги Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди.

Бөлүмдүн имаратында электр жарыгын текшерүү, оңдоо иштери жүргүзүлө турганына байланыштуу мекеме ишин убактылуу токтотуп турат.

Аталган аймактын жарандары тиешелүү маселелер боюнча Бишкектеги АвтоЦОНго (Ч. Валиханов көчөсү, 2 дарегиндеги) кайрылса болот.

Министрлик келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.