Марал Радиосу

Олимпиада: Кыргызстандык Мейрамбек Ахметов күрөш мелдештеринде калыстык кылат

Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештерде кыргызстандык Мейрамбек Ахметов калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Кечээ, 28-июлда ал Токиого учуп кеткен.

Федерация белгилегендей, Бириккен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюму Олимпиада оюндарында калыстык кылуу үчүн дүйнөдөн 50 калысты тандап алган. Алардын ичинде кыргызстандык калыс Мейрамбек Ахметов да бар.