Марал Радиосу

ИИМ: Калаа тургунун карактоого шектүү жаран кармалды

Каракчылыкка шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 27-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Х.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Маалым болгондой, арыз ээси түнкү 3:00 чамасында шаардагы Киев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринен чыгып келатканда аны чала тааныш бир жигит бычак такап коркутуп, Iphone 6 S үлгүсүндөгү 10 миң сомдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, шектүүнү колго түшүрүү иштери башталган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү 1998-жылы туулган Р.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат.