Марал Радиосу

Таласта акимдин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Талас районунун акиминин орун басары Т.К.Р. (Табышов Кадырбек Райканович) пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, акимдин орун басары ишкерликке уруксат кагазын берүү үчүн 50 миң сом пара талап кылган.

Ал суралган акчанын 30 миң сомун алып жатканда колго түшкөн.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы тапта аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.