Марал Радиосу

Тамеки менен ичимдикке мамлекеттик монополия киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда тамеки менен ичимдиктин өндүрүлүшүнө, жүгүртүлүшүнө жана сатылышына мамлекеттик монополия киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Парламенттин бүгүнкү, 28-июлдагы жыйынынын күн тартибине киргизилген 32 маселенин ичинде аталган сунуш да бар.

Белгилей кетсек, ушул аптада Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы жыйынтыкталат.