Марал Радиосу

Депутат: Экс-министрлер Транспорт министрлигинин ишине кийлигишүүдө

Айрым мурдагы транспорт министрлери азыр да министрликтин ишине кийлигишип жатат. Мындай маалыматты Жогорку Кенештин депутаты, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев 28-июлдагы жыйында айтты.

Ал Түндүк-Түштүк жолунун Жумгал районундагы Эпкин—Башкууганды тилкесинин 69 чакырымы качан курулуп бүтөрүн сурады.

Транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаевдин маалыматында, бул жол боюнча тендердик процесстер жүрүп жатат. Сунуштар Азия өнүктүрүү банкына 7-июлда жиберилген.

Тендерге 5 компания катышкан, техникалык квалификациядан эки компания өтүп, андан кийин дагы бир компания кошулган. Тендердик сунуштар банк тарабынан каралып, бүгүн чечим чыгарылат.

Нурланбек Кайыңбаев иштин кечеңдеп жатышы банктан көз каранды экенин айтып, 26-августа чейин келишим түзүлөрүн билдирди.

Ал эми депутат Сыдыгалиев мурдагы транспорт министрлери мекеменин ишине кийлигишип жатканын, алардын аты-жөнүн да билерин айтты. Бирок ким экенин ачыктаган жок.

«Мен сизге айтып коеюн. Силер банкка көз каранды эмессиңер. Силер ошол жерде иштеп кеткен экс-министрлерге көз карандысыңар. Ошолор кийлигишкенин коймоюнча оңолбойсуңар. Аны баары жакшы билет, мен азыр аты-фамилияларын айтпай эле коеюн. Кимдер кийлигишип жатканын билебиз», — деди вице-спикер.

Exit mobile version