Марал Радиосу

«Сапат» мектеби: Үй куруп берүүгө эч ким мажбурлаган эмес

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси үй куруп берүүгө мажбурланып жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

«Сапат» билим берүү мекемесине байланыштуу маалыматтарды мекеменин борбордук кеңсеси тарабынан такталгандан кийин гана жарыялооңуздарды суранабыз. Серепчилердин, журналисттердин, блогерлердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын ар түрдүү жорумдары, божомолдору «Сапат» билим берүү мекемесинин көз карашын чагылдырбайт», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ интернетте «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси мамлекетке мугалимдер үчүн эки үй куруп берүүгө мажбурланып жатканы тууралуу кептер тараган.

«Сапат» мектептеринин президенти, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү Түркиянын күч кызматкерлери тарабынан уурдалган.