Марал Радиосу

УКМК «ИГ» террордук уюмуна тиешеси бар эки чет элдик жаранды кармады

«ИГ» эл аралык террордук уюмуна тиешеси бар эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалган жарандар террордук акцияларды жасоого тартуу үчүн Кыргызстандын жарандары арасында үгүт иштерин жүргүзүшүп, Сириянын куралдуу кагылыштар болгон аймагына жиберүүнү көздөшкөн.

УКМК эл аралык террордук уюмдарга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин улантууда.