Марал Радиосу

Олимпиада: Дзюдочу Золоев биринчи кармашында атаандашына жеңилди

Токиодогу Олимпиада оюндарынын алкагында дзюдо боюнча мелдеште кыргызстандык спортчу Владимир Золоев 1/16 финалда атаандашына жеңилип калды.

Биринчи кармашында Золоев Олимпиада оюндарына Орусиянын Олимпиада комитетинин (ROC) туусунун алдында чыгып жаткан Алан Хубецов менен күрөшкөн. Күрөштүн жүрүшүндө Золоев үч шидо алып, жеңиш Хубецовго берилди.