Марал Радиосу

Элчи: Түркияда 966 кыргызстандык студент бюджеттик негизде окуп жатат

Бүгүнкү күнү Түркияда 966 кыргызстандык студент бюджеттик негизде окуп жатат. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Бүгүн, 26-июлда комитеттин отурумунда депутаттар видеобайланыш аркылуу элчинин 2019-2020-жылдары аткарган иштери тууралуу маалыматын укту.

Элчисинин айтымында, учурда Түкрияда 1 миң 782 кыргызстандык студент билим алууда.

«Алардын ичинен 966 студент бюджеттик, калганы контракттык негизде окуп жатат. Пандемияга байланыштуу алардын бир тобу онлайн окууга өткөн», — деди ал.

 

Exit mobile version