Марал Радиосу

Токио-2020: Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча 48-орунду алды

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча 48-орунду алды.

Тандоо этабында ал 612,8 упай топтоп, 50 катышуучунун арасынан 48-орунду ээледи. Бирок бул упай финалга өтүүгө жетишсиз болду, ал үчүн 628,5 упай топтош керек эле.

Олимпиада оюндарынын ачылышында спортчулардын парадында Кубанычбекова Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов мелдешке чыгат.

Ал эми эртең, 25-июлда фехтование боюнча Роман Петрашов күчүн сынайт.

Токидо өтүп жаткан Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды.