Марал Радиосу

Экс-депутат Исхак Пирматов үй камагына чыгарылды

Жогорку Кенештин мурунку депутаты Исхак Пирматов үй камагына чыгарылды. Мындай маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Исхак Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Исхак Пирматов жеке клиникада дарыланып жатканын жазышкан.

Экс-депутат Исхак Пирматов 31-майда суракка чакырылып, андан соң камакка алынган. Ал«Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан.

Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.