Марал Радиосу

Лавров: Орусия АКШга Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларын пайдаланууну сунуштаган эмес

6451557 02.02.2021 Министр иностранных дел РФ Сергей Лавров на пресс-конференции по итогам встречи в Москве. Изображение является раздаточным материалом, предоставлено третьей стороной. Только редакционное использование. Запрет на архивирование, коммерческое использование, рекламную кампанию. Пресс-служба МИД РФ

Орусия АКШга Ооганстандан маалымат чогултуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларын пайдаланууну сунуштаган эмес. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Интерфакс» агенттигине курган маегинде билдирди.

«Биз Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун жааматтык күчтөрүнүн бөлүгү болгон базаларга америкалыктарды кантип чакыра алабыз? Уюмдагы башка мүчөлөргө айтпай туруп, ЖККУ күчтөрүнүн бир бөлүгү болгон базага (эч кимди — ред.) чакыра албайбыз», — деген ал.

Ошол эле учурда ал Орусия АКШ менен Орусия-Кытай-АКШ жана башка форматтарда Ооганстандагы кырдаал боюнча маалымат алмашууга жана кырдаалды турукташтырууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгилеген.

«Кызматташууга да, маалымат алмашууга да даярбыз. Бирок андан ашыгы эмес», — деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин бир катар ММкларда Орусия менен АКШнын президенттеринин июнда Женевада болгон жолугушуусунда Путин Байденге Ооганстандан маалымат чогултуу үчүн Кыргызстан жана Тажикстандагы аскер базаларын колдонууну сунуштаганын жазган.