Марал Радиосу

Кыргызстанда пневмония менен ооругандар 24,3%га көбөйдү

Кыргызстанда быйылкы жарым жылда былтыркыга караганда пневмония менен ооругандар 24,3%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Быйыл жарым жылда 16 миң киши пневмония менен ооруган.

Пневмония менен ооругандар Нарында 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте 1,6 эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда пневмонияга чалдыккандар Баткенде 25,3%га жана Таласта 20,1%га азайган.