Марал Радиосу

Садыр Жапаров парламент депутаттары менен жолугушат

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат. Мындай кабарды өлкө башчынын басма сөз кызматы “Маралга” тастыктады.

Жолугушуу мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.

Президент депутаттар менен учурдагы социалдык-экономикалык абал, коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат.