Марал Радиосу

Японияда Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер башталды

Токиодогу Олимпиада оюндарынын алгачкы мелдештери башталды. Биринчи оюн софтбол боюнча өттү.

Мелдеш Фукусимадагы «Фукусима Адзума» стадионунда өтүп, анда Япония менен Австралиянын кыз-келиндер курамалары беттешти. Оюнда Япония атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңип алды.

Софтбол боюнча мелдеш 21-27-июль күндөрү өтөт. Ага Австралия, Канада, Италия, Мексика, АКШ жана Япониянын кыз-келиндер курамасы катышат.

Софтбол – бейсболдун бир түрү. Буга чейин Олимпиаданын алкагында софтбол боюнча мелдештер төрт жолу 1996-2008-жылдары өткөрүлгөн. Аларда алтын байгени АКШ үч, Япония бир ирет жеңген. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында софтбол боюнча мелдеш өтпөйт.

Эскерте кетсек, Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы 23-июлда болот.