Марал Радиосу

Светлана Тихановская АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

Беларустун оппозиция лидери Светлана Тихановская кечээ, 19-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, анын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд жана кеңешчи Дерек Шолле менен жолугушту.

Жолугушууда Ryanair авиакомпаниясынын учагынын Минсктин аэропортуна кондурулушу, Беларустагы жарандык коом менен медиага болгон кысымдар талкууланган.

Тихановская АКШны Беларустун көз карандасыз ММкларына, жарандык коомуна колдоо көрсөтүүгө чакырган. Ошондой эле, ал АКШны Лукашенконун режимине каршы эконмикалык кысымды күчөтүүгө, бул багытта Евробиримдик, Улуу Британия жана Канада менен биргелешип аракет кылууга үндөгөн.

Жолугушуу бир саатка созулган.

Светлана Тихановская былтыр Беларуста өткөн президенттик шайлоого катышкан. Расмий жыйынтыктарга ылайык, ал шайлоодо Александр Лукашенко жеңип чыгып, Тихановская экинчи орунду алган. Бирок анда шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганы айтылып келет.

Шайлоодон кийин эл көтөрүлүп, узакка созулган каршылык акцияларын уюштурушкан.