Марал Радиосу

Эртең Москвада Путин менен Алиев жолугушат

Эртең, 20-июлда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтында айтылат.

Белгилүү болгондой Алиев Орусияга иш сапары менен барат.

Жолугушуунун алкагында орус-азербайжан алакалары, ошондой эле аймактагы актуалдуу маселелер талкууланат.

«Орусия, Азербайжан жана Армения лидерлеринин Тоолуу Карабах боюнча 2020-жылдын 9-ноябрындагы жана 2021-жылдын 11-январындагы макулдашууларын ишке ашыруу маселелене өзгөчө көңүл бурулат», — деп айтылат маалыматта.